Орусия: 4845 чет элдик жалданмаларды жок кылдык

Конашенков өз билдирүүсүндө Украинадагы Киев администрациясы үчүн согушка катышкан чет элдик жалданма согушкерлер тууралуу маалымат берди.

2009432
Орусия: 4845 чет элдик жалданмаларды жок кылдык

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украина армиясында көпчүлүгү Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Канада жана Европа өлкөлөрүнөн келген 4 миң 845 чет элдик жалданма согушкерди зыянсыздандыргандарын билдирди.

Конашенков өз билдирүүсүндө Украинадагы Киев администрациясы үчүн согушка катышкан чет элдик жалданма согушкерлер тууралуу маалымат берди.

Украинадагы мобилизация толкунунун ишке ашпай калганын жана Украина армиясында олуттуу жоготуулар болгонун белгилеген Конашенков Киев муну жашыруу үчүн Латын Америка, Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн чет элдик жалданмаларды тартуу аракетин ылдамдатканын белгиледи.

Кагылышуулар башталган 2022-жылдын 24-февралынан бери Украинага 84 өлкөдөн 11 миң 675 чет элдик жалданма согушкер келгенин белгилеген Конашенков, эң көп жалданма согушкерлердин 2022-жылдын март-апрель айларында келгендигине көңүлдөрдү бурду.

Чет элдик жалданмалардын келүү динамикасынын биринчи жоготуулардан кийин кескин азайганына көңүл бурган Конашенков эң көп жалданма топтордун 2600дөн ашуун киши менен Польша, 900 жана андан көп киши менен АКШ жана Канада, 800дөн ашуун киши менен Грузия, ар бири 700дөн адам менен Улуу Британия жана Румыния, 300дөн ашуун киши менен Хорватия, ар бири 200дөн жана андан көп киши менен Франция жана Сириядан келгенин айтты.

30-июнга карата кагылышууларда көбү АКШ, Канада жана Европа өлкөлөрүнөн келген 4845 чет элдик жалданма согушкердин каза болгонун белгилеген Конашенков, айрыкча 4801 чет элдик жалданма согушкердин Киевдин аларга карата мамилесине баа берип, Украина аймагынан качып кеткенин да белгиледи.

Конашенков учурда Украина армиясынын катарында 2 миң 29 чет элдик жалданма согушкер кызматын улантып жатканын белгиледи.

Алган маалыматка караганда, өткөн айда украин армиясынын жеке курамынын жоготуулары көп болгондугуна байланыштуу Аргентина, Бразилия, Ирак жана АКШнын көзөмөлүндөгү Сирия аймактарынан чет элдик жалданма аскерлерди сатып ала баштаганы тууралуу маалымат менен бөлүшкөн Конашенков, Польша, Англия жана башка Европа өлкөлөрүндө Украинадагы согушка кызыгуу азайганын, ошондуктан АКШ жана Канададан жалданма согушкерлерди сатып алуу күч алганын билдирди.

Конашенков  АКШнын чалгындоо уюуму CIAдин көзөмөлүндөгү жеке аскердик компаниялар иштерди жүргүзүп жатканын кошумчалады.



Тектеш кабарлар