Британияда мугалимдер бул жумада экинчи жолу иш таштоого барышты

Британияда өкмөт менен көптөн бери айлык акыны көбөйтүү боюнча келишпестиктен улам он миңдеген мугалим бул жумада экинчи жолу иш таштоого барды.

2008571

Өлкөдө Улуттук билим берүү профсоюзуна мүчө мугалимдер февраль айынан бери  жетинчи жолу иш таштады. 

Мугалимдердин иш таштоосунан улам  көптөгөн мектептер толугу же бир бөлүгү жабылган өлкөдө иш таштоого катышкан  мугалимдердин өкүлү Улуттук билим берүү профсоюзу инфляцияга каршы «адилеттүү жана ылайыктуу айлык акынын көтөрүлүшүн» талап кылууда.

Өткөн айда  билдирилген өкмөттүн маалыматына караганда, өкөн жылы  40 миңге жакын мугалим кесибин таштаган.

Британияда мамлекеттик мектептерде иштеген мугалимдердин көпчүлүгүнө 2022 - 2023 -  окуу жылы үчүн айлык акыларын 5 пайызга көтөргөн. 

Британ өкмөтү менен профсоюздардын ортосундагы  сүйлөшүүлөрдөн кийин өкмөт 1000 фунт стерлинг өлчөмүндө бир жолку кошумча төлөмдү сунуш кылган.

Билим берүү министрлиги муну “адилеттүү жана ылайыктуу сунуш” деп мүнөздөп, бирок мугалимдер мүчө болгон 4 профсоюз уюму тең бул сунушту четке каккан. 

Тектеш кабарлар