Россия Львовго кол салды

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко орус ракетасынын Львовдогу имаратка келип түшүүсү менен  4 кишинин каза болуп, 9 киши жаракат алгандыгын билдирди.

2007870
Россия Львовго кол салды

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко орус ракетасынын Львовдогу имаратка келип түшүүсү менен  4 кишинин каза болуп, 9 киши жаракат алгандыгын билдирди.

Клименко социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө орус армиясынын түн ичинде жарандарга кол салгандыгын айтты.  

Орус ракетасынын Львов шаарында бир имаратка келип түшкөндүгүн белгилеген Клименко имараттын 3 – 4 - кабаттарынын жабыркагандыгын маалымдады.

Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштеринин жүрүп жаткандыгына көңүлдөрдү бурган Клименко : «Жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн тарта  4 адам каза болуп, 9 адам жабыркады, 7 адам куткарылды, 64 адам эвакуацияланды»,- деди.  

Министр Клименко урандылардын астында адамдардын болушу мүмкүн экендигин айтты.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө Россиянын акыркы 24 саатта 5 учкучсуз учуучу аппараты  менен Украина аймагына чабуул жасагандыгы, бардык буталардын коргонуу системалары менен жок кылынганы маалымдалды.

Билдирүүдө  орус армиясынын акыркы суткада украин аскерлеринин турумдарына жана отурукташуу жерлерине 59 жолу абадан кол салуу жасаганы, көп стволдуу ракеталык системалардан 65 жолу ок атылганы белгиленди.

2022-жылдын 24-февралында Россиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук берип Россия-Украина согушу башталган.

Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана Россиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылганын айтты.



Тектеш кабарлар