БУУ Израилдин Женинге кол салууларына тынчсыздануусун билдирди

Англия жана Германияда Израиль өкмөтүнө каршы нааразылык акциялары уюштурулду.

2008034
БУУ Израилдин Женинге кол салууларына тынчсыздануусун билдирди

Израилдин 12 палестиналыкты өлтүргөн Женин кол салууларына каршы Англия жана Германияда нааразылык акциялары өттү.

Израилдин Лондондогу элчилигинин алдында өткөн демонстрацияга көптөгөн киши катышты. Демонстрацияда Израилге эл аралык кысым көрсөтүлүшү керектиги баса белгиленди.

Германиядагы демонстрациялардын дареги борбор шаар Берлинде болду. Палестинанын Улуттук кыймыл комитети уюштурган демонстрацияда Израилге каршы ураандар чакырылды.

 Женинге кол салуу Бириккен Улуттар Уюмунун да күн тартибинде болчу. Бириккен Улуттар Уюмунун басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак: «Кол салуунун жарандарга болгон таасири кооптондурат»,-деди.

Ошол эле учурда Израиль башкаруусу кол салуулардын улана бериши мүмкүн экенин билдирүүдө. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Женинге дагы бир же эки кол салуу болушу мүмкүн экенин билдирди. Нетаньяху бул чабуулдар күчтүүрөөк болот деп коркутту.



Тектеш кабарлар