Түркиянын каршы чыгуусу Швецияны изденүүгө түрттү

Швециянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө провокациялык аракетти жасаган адамдын чет өлкөлүк жаран экенине көңүл бурулган.

2005946
Түркиянын каршы чыгуусу Швецияны изденүүгө түрттү

НАТОго мүчөлүгүнө Түркиянын макулдугун күткөн Швеция өкмөтү борбор шаар Стокгольмдо Курани Каримдин өрттөлүшүнөн кийинки реакциялардан кийин ар түрдүү чара көрүү изденүүсүнө киришти.

Швециянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө провокациялык аракетти жасаган адамдын чет өлкөлүк жаран экенине көңүл бурулган.

Мындай түрдөгү окуяларга каршы чек ара көзөмөлү күчөтүлгөнү белгиленген билдирүүдө, өкмөт жаңы коркунучтардын алдын алуу чараларын күчөткөнү айтылды.

Билдирүүдө, «Бизде чек араны натыйжалуу көзөмөлдөө жана дүйнөгө ачык билдирүү жөнөтүү абдан маанилүү. Швеция өзүнүн эркиндигине, коопсуздугуна жана тынчтыгына болгон коркунучтарга өтө олуттуу мамиле кылат. Ошондуктан биздин бийлик жаңы коркунучтардын алдын алуу жана баалоо боюнча аракеттерин күчөтүүдө», делди.

28-июнда Швециянын борбору Стокгольмдо теги ирактык Салван Момика Стокгольм мечитинин алдында полициянын коргоосунда Куранды өрттөгөн.

Провокация эл аралык аренада, өзгөчө Түркияда катуу каршы чыгууну жаратты.



Тектеш кабарлар