Макрон өлкөдөгү окуялардан улам Германия сапарын кечеңдетти
Елисей сарайынан француз каналына берилген маалыматта Макрон менен Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшкөндүгү белгиленди.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөдө бир жигиттин полициянын ок атуусунан улам каза болушу менен чыккан окуялардан кийин 2 - 4 - июлдагы Германия сапарын кечеңдетти.
Нантерре шаарында 27 - июнь күнү Наэл М аттуу жаш айдоочунун полициянын ок атуусунан улам каза болушу менен өлкөдө түнкүсүн митингдер өткөрүлүүдө.
Француз BFMTV каналынын кабарына караганда Макрон өлкөдөгү зомбулук окуяларынан улам 2 - 4 - июлда Германияга жасай турган расмий сапарын кечеңдетти.
Елисей сарайынан француз каналына берилген маалыматта Макрон менен Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшкөндүгү белгиленди.
Билдирүүдө Макрон өлкөнүн ички абалынан улам алдыдагы күндөрдө Францияда болушу керектигин айткандыгы белгиленген билдирүүдө эки президент Макрондун Германия сапарын кечеңдетүү боюнча макулдашкандыгы маалымдалды.