Кулеба өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүгүн колдоону талап кылды

Кулеба  Die Welt, Bild жана Politico гезиттерине маалымат берди.

2005764
Кулеба өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүгүн колдоону талап кылды

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүгүн колдоону талап кылды. 

Кулеба  Die Welt, Bild жана Politico гезиттерине берген билдирүүсүндө 2008 -  жылы Румыниянын борбор шаары Бухарестте өткөн НАТОнун лидерлер саммитинде Украинанын мүчөлүгүнө каршы чыккан Германиянын ошол кездеги канцлери Ангела Меркелдин "жасаган жаңылыштыгын" Германиянын кайталабашын сурануу менен ал мезгилде чыгарылган чечимдин Россиянын президенти Владимир Путиндин Грузияга киришине жана Крымды аннексиялашына жол ачкандыгын жактады. 

Киевдин согуш учурунда Украинанын НАТОго кошулушун күтпөгөнүн билдирген Кулеба : "Бирок согуштан кийин Украинаны НАТОго мүчө катары кабыл албай коюу Европа үчүн өз жанын кыйгандык болот», - деди.

Кулеба Украинанын НАТОнун тышында болушу согуштун  тандоо жолу деген мааниге келерин белгилеп : "Россиянын Европага жана бир бүтү катары Еврпа  - Атлантика аймагына карата агрессиясына каалганы жабуунун бир гана жолу Украинаны НАТОго кабыл алуу",- деди. 

Украинанын тышкы иштер министри Кулеба Украинанын НАТОго мүчөлүгүнүн Россия менен дагы чоң  согушка жол ачпай тургандыгын жактады. 

Россиянын НАТО мүчөсү Украинага мындан ары кол сала албай тургандыгын баса белгилеген Кулеба : "Бул тынчтыктын жолу",- деди.

 

Украинанын да НАТОнун чыгыш канатын коргоо үчүн Германия жана башка батыш өлкөлөрүнүн жүгүн жеңилдете турганын белгилеген Кулеба :“Биз бул жүктү өз мойнубузга алабыз",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар