Орустардын Запорожье станциясындагы аскер саны азаюуда

Украинанын коргоо министрлиги орустардын Запорожье атомдук станциясындагы аскер санын азайткандыгын айтты.

2005580
Орустардын Запорожье станциясындагы аскер саны азаюуда

Украинанын коргоо министрлиги орустардын Запорожье атомдук станциясындагы аскер санын азайткандыгын айтты. 

 Министрликтин чалгындоо боюнча  башкы башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматында  Украинанын Запорожье аймагында Россиянын көзөмөлүндөгү Запорожье атомдук станциясындагы абалга баа берилди.

Орустардын станциядагы аскер санын азайткандыгы ортого салынган маалыматта : "Акыркы маалыматтарга караганда баскынчы бөлүктөр  акырындык менен станциядан чыгып баратат. Станциядан оболу  орустардын станциядагы кыймылдарын башкарган Росатомдун 3 кызматкери  чыгып кетти",- деп айтылды. 

Билдирүүдө Росатом менен келишимге кол койгон украиналык кызматкерлерге да эвакуациянын сунушталгандыгы бидирилип : "Алынган көрсөтмөгө ылайык алар 5 -  июлга чейин станциялардан чыгып кетүүлөрү керек. Барууну каалаган  жер оккупациядагы Крым жерлери",- деп баа берилди. 

Запорожье  атомдук станциясы жайгашкан аймакта жана станциянын спутник шаары Энергодардагы аскердик күзөт санынында барган сайын азайып бара жаткандыгы белгиленген билдирүүдө "станцияда калган кызматкерлерге карата кандайдыр бир өзгөчө кырдаалда  Украинанын айыптала тургандыгы" ортого салынды. 

Запорожье атомдук станциясы өткөн жылдын март айынан тарта Россиянын көзөмөлүнө өткөн. 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын Запорожье атомдук станциясында радиациянын чыгышын камтыган террордук кол салуу сценарийин карап жаткандыгын айткан. 

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул айтылгандарды "негизсиз" деп мүнөздөгөн.

 

 



Тектеш кабарлар