Польша чыгыш чек арасын бекемдөөнү чечти

Польшанын вице-премьер-министри жана башкаруучу укук жана адилет партиясынын лидери Ярослав Качинский борбор шаар Варшавада кечинде коопсуздук комитетинин жыйынынан кийин баа берди.

2005302
Польша чыгыш чек арасын бекемдөөнү чечти

Польша Беларуска барган жеке коопсуздук компаниясы Вагнердин айынан чыгыш чек арасын бекемдөөнү чечти.

Польшанын вице-премьер-министри жана башкаруучу укук жана адилет партиясынын лидери Ярослав Качинский борбор шаар Варшавада кечинде коопсуздук комитетинин жыйынынан кийин баа берди.

Жыйында маанилүү чечимдердин кабыл алынганын баса белгилеген Качинский: «Кээ бир убактылуу долбоорлор боюнча да, туруктуу мүнөздөгү долбоорлор боюнча да биздин чыгыш чек араны коргоону бекемдөө боюнча чечимдер кабыл алынды. Бул Беларустагы потенциалдуу жаңы кырдаалдын, «Вагнер тобунун» болушунун натыйжасы»,-деп айтты.

Качинский акыркы маалыматтар боюнча Беларуста 8 миң «Вагнер» аскери болушу мүмкүн экенин баса белгиледи.

Вагнер күчтөрүнүн Беларуста болушунун Украина үчүн гана эмес, Литва жана Польша сыяктуу коңшу өлкөлөр үчүн да коркунуч экенине көңүл бурган Качинский: «Вагнер тобунун Беларуста болушу гибриддик согуштун жаңы баскычын билдириши мүмкүн. Бул баскыч биз буга чейин күрөшүп келгенге караганда бир топ татаал баскыч»,-деп айтты.

Премьер-министр Качинский, чек араны бекемдөө Польшанын учурдагы күчтөрүн чыңдоону жана аймактагы тосмолорду курууну камтый турганын айтты.

Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожин ишемби күнү орус армиясын Вагнерге чабуул жасады деп айыптап, Вагнердин согушкерлери Украинадан чыгып, чек арадагы Ростов аймагына жооп кайтарабыз деп кирген.

Кийин Пригожин талаа лагерлерине кайтып келе тургандыктарын жарыялаган, ал эми Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо Пригожинге каршы козголгон кылмыш иши жабылып, козголоңчулардын лидери Беларуска барарын билдирген.



Тектеш кабарлар