Франциядагы окуяларга катышкандарды камоолор уланууда

Шейшемби күнү француз полициясы ачкан октун айынан жаш айдоочу Наэлдин өлүмүнө нааразы болгондор эки күндөн бери көчөгө чыгууда.

2005276
Франциядагы окуяларга катышкандарды камоолор уланууда

Францияда 27-июнда полиция ачкан октун натыйжасында 17 жаштагы айдоочу Наэл М. каза болгондон кийин ар башка шаарларда коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосундагы кагылышууда 150 киши кармалды.

Шейшемби күнү француз полициясы ачкан октун айынан жаш айдоочу Наэлдин өлүмүнө нааразы болгондор эки күндөн бери көчөгө чыгууда.

Окуядан кийинки биринчи түнү борбор шаар Париждин чет жакаларында демонстранттар менен полициянын ортосундагы тирешүү бүгүн кечинде Лион, Тулуза жана Лилль сыяктуу чоң шаарларга жайылды. Наэл каза болгон Нантер шаарында чыңалуу азайган жок.

Социалдык медиада чагылдырылган сүрөттөрдө унаалардын оодарылып өрттөлгөнүн, трамвай, автобус сыяктуу коомдук транспорттордун, таштанды челектеринин өрттөлгөнүн көрүүгө болот. Активисттердин фейерверк ыргыткан учурлары да сүрөттөрдө чагылдырылган.

Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин Твиттерде түн ичинде муниципалитет, мектеп имараттары жана полиция бөлүмдөрү өрттөлгөнүн же кол салууга дуушар болгонун билдирди.

Бул алкакта 150 кишинин кармалганын жарыялаган Дарманин : «Тынчтыкка чакырбагандар уялсын»,-деди.

Француз басма сөзүндө орун алган кабарга караганда түрдүү шаарларда полиция менен активисттердин ортосунда кагылышуулар болду.

Вильурбанна шаарындагы имаратта түнкүсүн өрт чыгып, түтүндөн жабыркаган 4 киши ооруканага жаткырылды. Өрт фейерверктен чыкканы болжолдонууда.

Нойли-сюр-Марн шаарында муниципалитеттин полициясына тиешелүү бардык унаалар өрттөлсө, Фреснес шаарында түрмөнүн кире беришинде фейерверк атылып, беткапчан адамдар түрмөгө кирүүгө аракет кылышкан.

Бир тараптан Франциянын президенти Эммануэль Макрон бүгүн эртең менен Ички иштер министрлигинде болгон кризистик жыйынга катышты.

Жарандарды «тынчтангыла» деп чакырган Макрон түн ичинде болгон зомбулуктун кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.

27-июнда полиция Нантер шаарында 3 адам болгон жана «токто» эскертүүсүнө баш ийбеген унаага ок чыгарып, 17 жаштагы айдоочу каза болгон.

Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткан учурда жигитке ок чыгарган деп шектелген полиция кызматкерлери камакка алынган.

Ал эми айдоочуну ок менен өлтүргөн полиция кызматкери «атайылап өлтүрүү» беренеси менен түшүндүрмө берүүгө чакырылды.

 



Тектеш кабарлар