Бельгиянын өзөктүк реактор боюнча чечими

Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кру борбор шаар Брюсселде Энги менен Бельгия өкмөтүнүн ортосунда Доел 4 жана Тиханге 3 атомдук реакторлорунун иштөө мөөнөттөрүн узартуу шарттарын белгилеген келишимге кол коюлгандан кийин билдирүү жасады.

2005298
Бельгиянын өзөктүк реактор боюнча чечими

Бельгия (Францияда жайгашкан) энергетикалык компания Engie менен мурда жабылышы пландалган 2 өзөктүк реактордун иштөө мөөнөтүн 10 жылга узартуу боюнча макулдашты.

Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кру борбор шаар Брюсселде Энги менен Бельгия өкмөтүнүн ортосунда Доел 4 жана Тиханге 3 атомдук реакторлорунун иштөө мөөнөттөрүн узартуу шарттарын белгилеген келишимге кол коюлгандан кийин билдирүү жасады.

«Энги менен Бельгиянын өкмөтү Доэл 4 жана Тиханге 3 өзөктүк реакторлорунун иштөө мөөнөтүн 10 жылга узартуу боюнча макулдашышты»,деген Де Кро келишим үй чарбаларынын жана ишканалардын энергия менен камсыздоо коопсуздугу үчүн абдан маанилүү экенин айтты.

Де Кро келишим электр энергиясы менен камсыздоону чыңдап, өлкөнүн тышкы энергияга болгон көз карандылыгын азайтып, көмүртектүү жана арзан электр энергиясын өндүрүүгө кепилдик берерин айтты.

Келишим менен сөз болгон өзөктүк реакторлор эң кеч 2026-жылдын ноябрь айына чейин даяр болот. Мындан тышкары, тараптар 2025-жылдын ноябрында 2 реакторду кайра ишке киргизүүнүн үстүндө иштешет.

2022-жылдын 24-февралында башталган Орусия-Украина согушуна чейин Бельгия өкмөтү атомдук станцияларды 2025-жылы иштен чыгаруу планын даярдаган болчу.



Тектеш кабарлар