Буркина-Фасодо аскердик кербенге кол салуу болду

Билдирүүдө 40тан ашуун кол салуучунун таасирсиз кылынганы белгиленди.

2004965
Буркина-Фасодо аскердик кербенге кол салуу болду

Буркина-Фасодо аскердик кербенге кол салуу болуп 34 киши каза тапты.

Буркина-Фасо армиясынын билдирүүсүндө өлкөнүн Борбордук-Түндүк аймагында жайгашкан Бамдагы аскердик конвой белгисиз куралчан кишилер тарабынан буктурмага алынганы жана кол салууда 31и аскер болгон 34 кишинин каза болгону, 20га жакыны жарадар болгону белгиленди.

Билдирүүдө 40тан ашуун кол салуучунун таасирсиз кылынганы белгиленди.

2015-жылдан бери Буркина-Фасонун түндүк аймактарында Аль-Каида жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдар менен күрөш жүрүүдө.



Тектеш кабарлар