Путин армиянын кызматкрелерине кайрылды

Путин Президенттик сарайда (Кремль) козголоңду басууга кызмат кылган аскерлер, коопсуздук  кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен жолугушту.

2004708
Путин армиянын кызматкрелерине кайрылды

Россиянын президенти Владимир Путин Вагнер күчтөрүнүн козголоңу учурунда кызмат өтөгөн аскерлер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылды.«Силер жарандык согушту алдын алдыңар», - деди.

Путин Президенттик сарайда (Кремль) козголоңду басууга кызмат кылган аскерлер, коопсуздук  кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен жолугушту.

Путин бул жолугушууда коргонуу жана коопсуздук күчтөрүнө кайрылып : "Өлкөбүздө  жарандык согуштун чыгышын алдын алдыңар",- деди. 

Көрсөткөн тайманбастык жана орус калкына берилгендигине ыраазычылык билдирген Владимир Путин : "Козголоң учурунда  сиздердин чечкиндүүлүгүңүздөр жана тайманбастык да коомчулук көрсөткөн тилектештик сыяктуу чечүүчү болду",- деди. 

Путин козголоң учурунда каза болгон орус тик учак учкучтарынын өлкөлөрүн коргоо милдетин орундаткандарын айтты жана бир минуталык эскерүүнү суранды. 

Путин өзгөчө козголоңдун бастырылышы үчүн Украинадагы күчтөрдөн Россияга кошумча күч жиберүү зарылчылыгынын болбогондугун да белгиледи. 

 

 



Тектеш кабарлар