Иранда чаң бороонунан 764 киши ооруканага жатты
Ооруканаларга жаткырылган 649 кишинин ооруканадан чыккандыгын айткан Мохибби 115 кишинин дарыланууну улантып жаткандыгын айтты.
2004682
Ирандын Систан - Белужистан аймагында чаң бороонунан улам акыркы 4 күндө ооруканага жаткырылгандардын саны 764кө жетти.
Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын билдиргенине караганда Систан - Белужистан кризити башкаруу боюнча башкы директору Месжид Мохибби аймактын Забул, Зехек, Хамун, Хирменд жана Нимруз шаарларында чаң бороонунан улам 4 күндө 764 кишинин ооруканага жана медициналык борборлорго келгендигин белгиледи.
Ооруканаларга жаткырылган 649 кишинин ооруканадан чыккандыгын айткан Мохибби 115 кишинин дарыланууну улантып жаткандыгын айтты.