Германияда мусулмандарга каршы кылмыштар көбөйүүдө

Германияда иш алып барган жана Үй-бүлө министрлигинин колдоосу менен Ислам жана Мусулмандарга каршы альянс (CLAIM) тарабынан биринчи жолу даярдалган Мусулмандарга каршы расизм отчету коомчулукка жарыяланды.

2004453
Германияда мусулмандарга каршы кылмыштар көбөйүүдө

Өткөн жылы Германияда мусулмандарга каршы 898 расисттик факты катталганы маалымдалган.

Германияда иш алып барган жана Үй-бүлө министрлигинин колдоосу менен Ислам жана Мусулмандарга каршы альянс (CLAIM) тарабынан биринчи жолу даярдалган Мусулмандарга каршы расизм отчету коомчулукка жарыяланды.

Отчетто 2022-жылы мусулмандарга каршы 898 расисттик факты катталганы жана бул маалымат күн сайын эки окуянын болуп жатканын билдерээрин белгиледи.

Документтелген иштердин арасында мусулмандарга карата чагымчыл билдирүүлөр, акаараттар, коркутуулар жана кол салуулар алдыңкы орунга чыкты.

Отчетто өзгөчө жоолукчан аялдар жана студенттер чоң дискриминацияга дуушар болуп жатканы белгиленип, маселенин чечилиши коомду сезимталдаштырууда жатканы баса белгиленди.

Отчетто жалпы мусулмандарга карата басмырлоо, зыян келтирүүчү кыймыл-аракеттер, кол салуу, мал-мүлккө зыян келтирүү, өрттөө жана башка зомбулук аракеттери жасалганы белгиленди.

Мусулмандар дуушар болгон расисттик кыймыл-аракеттердин мисалдары да орун алган отчетто жаштарга жана балдарга карата расисттик кол салуулардын күчөгөнү, ал тургай жоолук салынган кош бойлуу аялдардын курсагына тепкени белгиленди.



Тектеш кабарлар