Путиндин кризистен кийинки биринчи билдирүүсү

Путин 2022-жылдын февраль айынан бери Украинада жүргүзүп жаткан согуштун ал үчүн маанисин түшүндүрүп:«Мен күндү ушуну менен баштайм, ушуну менен бүтүрөм»,-деди.

2004145
Путиндин кризистен кийинки биринчи билдирүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин, Вагнер кризиси аяктагандан кийинки биринчи билдирүүсүндө, анын приоритетинин «Украинадагы операция» экенин айтты.

Коргоо министрлигинин жетекчилери менен тынымсыз байланышта экенин айткан орус лидери: «Биздин приоритетибиз Украинадагы операция, Украинадагы бардык пландарыбыз ишке ашат», - деди.

Путин 2022-жылдын февраль айынан бери Украинада жүргүзүп жаткан согуштун ал үчүн маанисин түшүндүрүп:«Мен күндү ушуну менен баштайм, ушуну менен бүтүрөм»,-деди.

Путин: «Орусия Украинадагы атайын аскердик операцияларга байланыштуу бардык пландар жана тапшырмалар аткарыларына ишенет»,-деп айтты.

«Вагнер» жеке күзөт компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин кечээ орус армиясын аларга чабуул жасады деп айыптап, жооп кайтарабыз деп коркутуп, анын согушкерлери Украинадан чыгып, чек арадагы Ростов аймагына кирип кетишкен.

Бул жагдай боюнча Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) «куралдуу баш аламандык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Владимир Путин Вагнердин козголоңун «чыккынчылык» деп сыпаттаса, Пригожин борбор шаар Москвага бара тургандарын жарыяласа, Кремль администрациясы өлкөнүн көп жеринде коопсуздук чараларын күчөткөн.

Кийинки сааттарда Евгений Пригожиндин Беларустун президенти Александр Лукашенконун Орусиядагы чыңалууну азайтуу сунушун кабыл алганы кабарланды.

Пригожин тараптардын биринде орус канынын төгүлүшүнүн жоопкерчилигин түшүнүшкөнүн жана конвойлорун артка кайтарып, лагерлерине кайтып келе тургандыктарын билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожинге каршы козголгон кылмыш ишинин жабыла турганын белгилеп: «Пригожин Беларуска кетет»,- деди.



Тектеш кабарлар