Грецияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00 менен 19:00 ортосунда добуш берүүгө бара турган шайлоочулар 26 саясий партия, 4 партиялык альянс жана 2 көз карандысыз талапкерди тандашат.

2004126
Грецияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Грецияда парламенттик шайлоо үчүн добуш берүү процедуралары башталды.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00 менен 19:00 ортосунда добуш берүүгө бара турган шайлоочулар 26 саясий партия, 4 партиялык альянс жана 2 көз карандысыз талапкерди тандашат.

21-майдагы шайлоонун жыйынтыгына ылайык, 2019-2023-жылдары өлкөнү жалгыз башкарган Жаңы демократия партиясы биринчи болуп, жаңы шайлоо системасынан улам жалгыз бийликке келиши үчүн зарыл болгон 151 орунга жете алган эмес.

Жаңы демократиянын 40,79 пайыз добушу партияга 300 орундуу парламентке 146 депутатты жиберүүгө мүмкүндүк берди.

20,07% добуш жана 71 депутат менен Жаңы демократиядан кийин 2019-2023-жылдардагы негизги оппозициялык партия болгон Радикалдуу Солчул Альянс (СИРИЗА) келди.

Панеллендик социалисттик кыймыл (ПАСОК) 11,46 пайыз добуш жана 41 депутат менен үчүнчү орунга чыкты.

Греция парламентинин тамыры терең партияларынын бири Греция Коммунисттик партиясы (ККЕ) 7,23 пайыз добуш жана 26 депутат менен парламентте өкүл болуу укугун алса, ашынган оңчул мамилеси менен таанылган Греция Чечим партиясы 4,45 пайыздык добуш жана 16 депутат менен парламентке өкүл болуу укугуна ээ болду.

Грецияда быйыл биринчи жолу ишке ашырылган шайлоо системасына ылайык, үкөктөн биринчи чыккан партияга кошумча депутаттык орун берилбейт.

Ошентип, коалиция издөөдөгү мүмкүн болгон туюктан биринчи партияга берилген колдоо менен чыгуу аракети көрүлүүдө.



Тектеш кабарлар