Эммануэль Макрон Жаңы Глобалдык Финансылык Пакт саммитинде дүйнөлүк каржы системасын терең реформало

Саммитте глобалдык каржы системасын дагы эффективдүү жана адилеттүү кылуу үчүн реформа боюнча келишим түзүлдү.

2003880
Эммануэль Макрон Жаңы Глобалдык Финансылык Пакт саммитинде дүйнөлүк каржы системасын терең реформало

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Жаңы Глобалдык Финансылык Пакт саммитинде дүйнөлүк каржы системасын терең реформалоо боюнча макулдашууга барылгандыгын билдирди.

Макрон борбор шаар Парижде өткөрүлгөн саммиттен кийин Кениянын президенти Уильям Руто, АКШнын  казына министри Жанет Йеллен, Эл аралык Валюта Фондунун (IMF) төрагасы Кристалина Георгиева жана Дүйнөлүк Банктын төрагасы Ажай Банга менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Эммануэль Макрон белгилегендей, саммитте глобалдык каржы системасын дагы эффективдүү жана адилеттүү кылуу үчүн реформа боюнча келишим түзүлдү.

Эл аралык валюта  фондунан эң жакыр өлкөлөргө 100 миллиард евро берүү максатына жеткенин билдирген Макрон, өнүккөн өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жыл сайын 100 миллиард доллардык каржылоону камсыз кылуу милдеттенмеси болорун белгиледи.

Парижде болгон саммитке Кытай, Кения, Нигер, Бразилия сыяктуу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жогорку деңгээлде катышуу болду.



Тектеш кабарлар