Греция-АКШ биргелешкен машыгуусу
Машыгууга Грециянын Ф-16 согуштук учактары, АКШнын болсо КС-135 үлгүсүндөгү абадан май куюучу учактары менен катышканы белгиленди.
2002886
Греция менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Аба күчтөрүнө таандык учактар биргелешкен машыгуу өткөрүштү.
Грециянын Аба күчтөрүнүн билдирүүсүндө, Грециянын Лариса шаарында өткөрүлгөн биргелешкен машыгууга Грециянын Ф-16 согуштук учактары, АКШнын болсо КС-135 үлгүсүндөгү абадан май куюучу учактары менен катышканы белгиленди.
Греция менен АКШнын Аскердик Аба күчтөрүнө таандык учактардын абадан май куюу машыгууларын аткарганы маалымдалган билдирүүдө, машыгуунун максатынын F-16 согуштук учактарынын кызматкерлерин күндүз жана түнкүсүн абадан май куюу темасында үйрөтүү экени айтылды.