Сомалиде оппозициячылдар менен аскерлердин катуу кагылышуусу болду

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Пунтленд провинциясынын закон чыгаруучу органынын конституцияга түзөтүү киргизүү маселесин талкуулап жаткан отурумунда оппозиция менен аскерлердин ортосунда атышуу болгон.

2002406
Сомалиде оппозициячылдар менен аскерлердин катуу кагылышуусу болду

Сомалинин Пунтленд провинциясынын борбор калаасы Гарове шаарында аскерлер менен өкмөткө каршы чыккандардын ортосунда чыккан кагылышууда 26 киши каза болуп, 30 киши жаракат алды.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Пунтленд провинциясынын мыйзам чыгаруучу органынын конституцияга түзөтүү киргизүү маселесин талкуулап жаткан отурумунда оппозиция менен аскерлердин ортосунда атышуу болгон.

Социалдык медиада чагылдырылган видеолордо каршылаштардын парламент имаратына кол салганы, кагылышууда оор куралдар колдонулганы байкалды.

Кагылышуу учурунда 26 адам каза болуп, 30 адам жаракат алган.

Мыйзам чыгаруу органындагы 35 депутаттын 34ү провинциянын конституциясына өзгөртүү киргизүү сунушун кабыл алды.

Оппоненттердин ырасташынча, киргизиле турган өзгөртүүлөр менен провинциянын башчысы Саид Абдулла Дени кызмат мөөнөтүн узартууга аракет кылып жатат.



Тектеш кабарлар