АФП Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы экспорт тууралуу билдирди

Дүйнөнүн эң эски авиациялык жарманкеси болгон Париж Air Showдо төрт жылдык убакыттан кийин Франциянын борбор шаары Парижде өткөрүлүүдө.

2002677
АФП Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы экспорт тууралуу билдирди

Борбору Франция болгон маалымат агенттиги АФП Түркиянын коргонуу өнөр жай экспортун Париждеги Air Showдо ортого салгандыгын жазды.

Дүйнөнүн эң эски авиациялык жарманкеси болгон Париж Air Showдо төрт жылдык убакыттан кийин Франциянын борбор шаары Парижде өткөрүлүүдө.

АКШ, Германия жана Франция сыяктуу өлкөлөр менен бирге Түркия да коргонуу өнөр жай тармагында өндүргөн учактары менен катышты.

Стенд ачкан фирмалардын арасында Turkish Aerospace Industries (TUSAŞ) да бар.

Жарманкеге улуттук авиация продукциясы болгон Анка, Атак, Хүркуш, Гөкбей жана Каан сыяктуу учактар ​​катышты.

TUSAŞ Motor өнөр жайы акционердик коому  (TEI) Түркиянын биринчи улуттук тик учак кыймылдаткычын, турбодизель авиация кыймылдаткычын, эки такттуу бензин аба кыймылдаткычын жана турбореактивдүү кыймылдаткычтарды, жалпы максаттуу тик учагын көргөзмөгө чыгарды.

Франциянын AФП агенттигинин маалыматына караганда жарманкеде күчүн көрсөтүүнү каалаган фирмалардын арасында Түркиянын коргонуу өнөр жай өндүрүүчүлөрү да орун алды.

Түркиянын унааларына суктануу менен каралгандыгын жазган АФП жетекчилердин билдирүүлөрүнө кайрылуу менен  Түркиянын коргонуу өнөр жай экспортун Париж Air Showдо ортого салгандыгын белгиледи.

АФПнин кабарына караганда Франциянын Эл аралык карым  - катнаштар институтунда изилдөөчү Лео Периа  - Пеигне акыркы жазган макалада Түркиянын коргонуу өнөр жайы тармагында «үчүнчү жол» катары  көрүлгөндүгүн жазган.

Байкар чыгарган ТБ – 2 Байрактар үлгүсү учкучсуз учуу аппараттары тармагында жол башчы  экендиги белгиленген кабарда бул каражаттардын өзгөчө Украина тарабынан колдонулгандан кийин дүйнөлүк медианын көңүлүн бургандыгы баса белгиленди.

Стокгольм эл аралык тынчтык изилдөөлөрү институтунун билдиргенине караганда Байкар сыяктуу TUSAŞ Motor өнөр жайы акционердик коомунун (TEI) учкучсуз учуучу аппараттары да  Казакстан, Кырызстан, Малайзия, Алжир, Тунис сыяктуу өлкөлөргө сатылууда.

АФПга маек берген TUSAŞ учкучсуз учуучу аппарат системаларынын башкы директорунун орун басары Өмер Йылдыз учкучсуз учуучу аппараттар үчүн эң көп  кызыгуунун «Африка өлкөлөрүнөн келгендигин, мунун да терроризм менен күрөшүү үчүн экендигин» айтты.



Тектеш кабарлар