ПКК Германиядагы мүчөсү эң көп террордук уюм

Германиянын Конституцияны коргоо федералдык уюмунун (BfV) башчысы Томас Халденванг Германиянын ички иштер министри Нэнси Фазер менен бирге борбор шаар Берлинде маалымат жыйынын өткөрдү.

2002211
ПКК Германиядагы мүчөсү эң көп террордук уюм

Жикчил террордук уюм ПКК Германиядагы 14 миң 500 мүчөсү менен экстремисттик чет элдик уюмдардын арасында биринчи орунду ээлөөдө.

Германиянын Конституцияны коргоо федералдык уюмунун (BfV) башчысы Томас Халденванг Германиянын ички иштер министри Нэнси Фазер менен бирге борбор шаар Берлинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында 2022-жылдагы Конституцияны коргоо отчетуна баа берди.

Халденванг 2022-жылы чет өлкөлөр менен байланышы бар потенциалдуу экстремисттердин саны 29 миң 750гө жеткенин, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 3,8 пайызга өскөнүн айтты.

Томас Халденванг Германияда сан жагынан эң жык толгон уюмдун 14 миң 500 колдоочусу менен жикчил террор уюму ПКК болуусун улантып жатканын белгиледи.

Халденванг жарыяланган отчет Германиянын ички коопсуздугу үчүн коркунучтарды дагы бир жолу ачыкка чыгарды деп билдирди.

Германиянын ички иштер министри Нэнси Фазер конституцияны коргоо боюнча отчет өлкөдө экстремисттер күчөгөнүн көрсөтүп жатканын билдирди.

Министр Фазер: «Биз өлкөбүздөгү демократияны басынтып, элге коркунуч келтирген экстремисттерге каршы толук чараларды көрүп жатабыз. Буга каршы чечүүчү куралыбыз - бул жакшы жабдылган коопсуздук органдары, ырааттуу укук коргоо органдары, саясий билим берүү жана күчтүү жарандык коом»,-деди.



Тектеш кабарлар