Бразилиядагы бороон: 13 адам каза болду
Рио-Гранде-ду-Сол штатынын губернатору Эдуардо Лейте билдирүү жасады.
Бразилиянын түштүгүндө 16-июндан бери уланып жаткан бороондо каза болгондордун саны 13кө, дайынсыздардын саны 20га жетти.
Рио-Гранде-ду-Сол штатынын губернатору Эдуардо Лейте билдирүү жасап, катуу бороондун 40 шаарда таасирдүү болгонун, сел жана жер көчкүгө алып келгенин айтты.
Жетекчилер 13 кишинин каза тапканын, 20 адамдын дайынсыз жоголгондугун жана 3700 адамдын эвакуацияланганын билдиришти.
Президент Луиз Инасио Лула да Силванын буйругу менен аймакка эки министрдин жиберилгени, издөө-куткаруу иштеринин үзгүлтүксүз уланып жатканы кабарланды.
Сел жана жер көчкүдөн улам айрым каттамдар токтотулуп, авто жол жана көчөлөр унаа кыймылына жабылды.
Электр зымдары бузулгандыктан кээ бир шаарларга деле электр жарыгы бериле элек.
Аргентина менен Уругвай да кыйроого алып келген бороондон улам чара көрүүлөрүн күчөтүүнү чечишти.
Тектеш кабарлар
Бангладеште чагылгандын кесепетинен каза болгондор
Жетекчилер чагылгандын кесепетинен апрель айында 31, май айында 43 адамдын каза тапканын жарыялашты.
Евровидениеде Израилге реакциялар
Израилдик ырчы Эден Голан 11-майда "Евровидение" сынагынын жарым финалында ат салышат.