Перуда 3 миң жылдык мумия табылды

Борбор шаар Лимага караштуу Римак өрөөнүндөгү археологиялык аянтта жүргүзүлүп жаткан казууларда 3 миң жылдан да эски  экендиги болжолдолгон мумия табылды.

2000794
Перуда 3 миң жылдык мумия табылды

Түштүк Африка өлкөсү Перуда жүргүзүлгөн археологиялык казууларда 3 миң жылдан да эски экендиги болжолдолгон мумия табылды.

Борбор шаар Лимага караштуу Римак өрөөнүндөгү археологиялык аянтта жүргүзүлүп жаткан казууларда 3 миң жылдан да эски  экендиги болжолдолгон мумия табылды.

Римак шаарынын мэри Нестор де Ла Роза мумиянын аймактын тарыхын жана салтын сактоо максатында түзүлгөн «Хуака Ла Флориданын» изилдөө программасы менен табылганын айтты.

Сан-Маркос Мэйор улуттук университетинин археология студенттери мумияны  жергиликтүү кебезден жасалган жаназа боосуна  оролгон мумияны табышканы билдирилди.

Казуу жүргүзүлгөн жердин көрүстөн аймагы экени белгиленип, айланасынан бөтөлкөлөр, жүгөрү, деңиз кабыктары, моллюскалар жана кока жалбырактары табылган.

Табылган мумия министрликтин колдоосу менен адистер тарабынан кылдаттык менен изилдене тургандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар