Арменияда аялдарга ыктыярдуу аскердик

Мыйзам Армениянын президенти (Вахагн Хачатурян) кол койгондон кийин күчүнө кирет.

2000649
Арменияда аялдарга ыктыярдуу аскердик

Арменияда аялдардын ыктыярдуу түрдө аскер кызматын өтөөсүнө уруксат берген мыйзам Улуттук парламентте бекитилди.

Армениянын расмий маалымат агенттиги Арменпресстин кабарына караганда, Армения Республикасынын «Аскердик кызмат жана жоокердин статусу жөнүндө» мыйзамында аялдардын ыктыярдуу аскер кызматын өтөөсүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Буга караганда аялдар үчүн ыктыярдуу аскердик кызмат өтөө системасы киргизилди. 18-27 жаштагы армян жарандыгы бар аялдар кайрыла алышат жана алардын аскердик кызмат өтөө мөөнөтү 6 айды түзөт.

Мыйзамга ылайык, 6 ай аскердик кызмат өтөгөн аялдарга кызматтан бошогондо 1 миллион драм төлөнөт.

Мыйзам Армениянын президенти (Вахагн Хачатурян) кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Арменияда 18-27 жаштагы эркектер 2 жыл аскер кызматын өтөөгө милдеттүү. Жоокерлер Арменияда жылына эки жолу жайында жана кышында кабыл алынат.



Тектеш кабарлар