Папа эртең ооруканадан чыгат

Ватикан басма сөз катчысы Маттео Бруни жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Папанын түн ичинде жакшы эс алганын, клиникалык курсунун үзгүлтүксүз уланганын жана кан анализинин нормалдуу болгонун белгиледи.

2000296
Папа эртең ооруканадан чыгат

Католиктердин руханий лидери, Ватикандын президенти Рим папасы Францисктин курсагындагы кесиктен  пайда болгон грыжадан улам 7-июндагы операциядан кийин айыгуу процессинин жакшы өткөнү жана эртең ооруканадан чыгарыла турганы маалымдалды.

Ватикан басма сөз катчысы Маттео Бруни жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Папанын түн ичинде жакшы эс алганын, клиникалык курсунун үзгүлтүксүз уланганын жана кан анализинин нормалдуу болгонун белгиледи.

Бруни Папанын эртең ооруканадан чыгышы үчүн абалын тыкыр көзөмөлдөгөн медициналык топ тарабынан уруксаттын берилгендигин айтты.

Католиктердин руханий лидери эки жыл мурун жоон ичегисине операция жасалгандан кийин курсагындагы кесиктен  пайда болгон грыжадан улам 7-июнда Италиянын Рим шаарындагы Гемелли ооруканасында үч саатка созулган операция болду. Операцияда 86 жаштагы Папанын курсак капталына протез салынды.

Папа бул жылы деми кыстугуудан улам 29 -  мартта да Гемелли ооруканасына жаткырылган. Бул жерде дем алуу жолундагы инфекциядан улам дарыланган Папа Франциск 1 -  апрелде ооруканадан чыккан.

2013 -  жылы Католик чиркөөсүнүн  266 -  папасы болуп шайланган Франциск өзгөчө тизесиндеги  оорудан улам бир канча убакыттан бери дөңгөлүктүү коляска колдонууда



Тектеш кабарлар