Трамп кайрадан сот алдына чыкты

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Майамидеги федералдык сотто мамлекеттик жашыруун документтерди жашырган деген айыпты четке какты.

1999736
Трамп кайрадан сот алдына чыкты

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Майамидеги федералдык сотто мамлекеттик жашыруун документтерди жашырган деген айыпты четке какты.

Кеңири коопсуздук чаралары менен барган сотто Дональд Трампка карата «жашыруун мамлекеттик документтерди жашыруу жана бул темадагы тергөөгө тоскоол болуу» боюнча 37 башка айыптоо окулду.

Трамп айыптооллорду унчукпастан угуп, адвокаты Тодд В. Бланш бардык айыптоолорду четке кагышканын айтты.

Сот ишин угуу үчүн сот залына абдан аз сандагы журналист алынды, камера, фотоаппарат, уюлдук телефон жана компьютер сыяктуу үн жаздыруучу аппараттар киргизилген жок.

Дональд Трамп 50 минутага жакын созулган угуудан кийин тышта күткөн колдоочуларынын кол чабуусунун коштоосунда унаасы менен сот имаратынан чыгып кетти.

Трамп апрель айындагы штатка негизделген кылмыш иши үчүн сот алдына чыккан, кечээ да  федералдык айыптар боюнча "экинчи жолу сот алдына чыккан биринчи мурдагы президент" катары тарыхта өттү.



Тектеш кабарлар