Шенген визасы санариптешүүдө

Жаңы мыйзам күчүнө киргенде паспортторго паспортторго чапталган визалар санарипке өтүп, 2D штрих-код катары интернеттен берилет.

1999474
Шенген визасы санариптешүүдө

Европа Биримдиги Кеңеши менен Европа Парламенти Шенген визаларын санариптештирүү боюнча жаңы мыйзам долбоору тууралуу макулдашты.

Жаңы мыйзам күчүнө киргенде паспортторго паспортторго чапталган визалар санарипке өтүп, 2D штрих-код катары интернеттен берилет.

Визаларды мобилдик түзмөктөргө жүктөсө  болот. Визага кайрылгандар интернет аркылуу көптөгөн тилде виза   ала алышат.

Кайрылуу жасаган кишилер бир нече өлкөгө барууну каалашса, кайрылууну  кайсы өлкөнүн кабыл алгандыгы билдирилет. Система Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн чек ара башкаруу системалары жана маалымат базалары менен шайкеш иштейт.

Биринчи  жолу виза алуу үчүн кайрылгандар, биометрикалык маалыматтары жараксыз болгондор жана жаңы паспорт алгандар гана Шенген өлкөлөрүнүн консулдуктарына барышы керек.

Шенген визаларын санариптештирүүнүн максаты чыгымдарды азайтуу, виза арыздарын тездетүү жана жеңилдетүү. Ошол эле учурда Европа Биримдиги ушундай жол менен Шенген аймагынын коопсуздугун жогорулатууну максат кылууда.

Мыйзам долбоору Европа Кеңеши жана Европа Парламенти тарабынан расмий бекитилгенден кийин, ал Европа Биримдигинин расмий гезитинде жарыялангандан 20 күндөн кийин күчүнө кирет.



Тектеш кабарлар