Макрон - Дуда - Шольц жолугушуусу

Макрон - Дуда - Шольц жолугушуусунда Украинадагы акыркы абал жана Украинанын Европа Биримдиги  жана НАТОго мүчөлүгүн талкууланды.

1998994
Макрон  - Дуда -  Шольц  жолугушуусу

 Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Польшанын президенти Анджей Дуда Франциянын борбор шаары Парижде жолугушуп, Украинадагы акыркы абал жана Украинанын Европа Биримдиги  жана НАТОго мүчөлүгүн талкуулашты.

Жолугушуудан кийин лидерлер биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Президент Макрон Украинадагы азыркы кырдаалдын өздөрүн Киевди колдоону улантууга түртүп жаткандыгын билдирип : «Украинаны басып алуу мүмкүн эсетиги ачык, бир гана чечүүчү эл аралык укукту сыйлоого негизделген тынчтык», - деди.

Макрон Украинага аскердик, саясий, экономикалык жактан үзгүлтүксүз жардамдын улантылышы керектигин айтып, Украинанын жеңиши бүт континенттин тынчтыгына салым кошо тургандыгын баса белгиледи.

Дуда болсо Россиянын башка бир мамлекетке кол салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбошу үчүн жана таасир чөйрөсүн кеңейтпеши үчүн орус империализмин жок кылуу керектигин айтты.

Дуда : «Украинанын Европа Биримдигине жана НАТОго кошулушунда шек жок»,- деп жеңиштин орус күчтөрүнүн эл аралык мыйзам боюнча Украинага таандык болгон бардык жерлеринен чыгарылышы менен болорун белгиледи.

Шольц да Франция, Польша жана Германиянын ортосундагы кызматташуунун Европа үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилеп, үч өлкөнүн позициясынын ачык экендигин,  Украинанын жанында экендерин, керек болгон учурда  Украинанын жанында болууну уланта тургандарын айтты.

Россиянын президенти Владимир Путиндин планынын ишке ашпай турганын түшүнө турган убакыттын келгенин айткан Германиянын канцлери : «Жүз миңдеген адам каза болуп, миллиондогон жаралуу жана мындан көп качкын менен  16 айдан кийин согушту акырына чыгаруунун учуру келди. Учур аскердик бөлүктөрдү чегинтип, адилеттүү тынчтык тууралуу сүйлөшүүгө даярдануунун учуру»,- деди.



Тектеш кабарлар