Ковид - 19 жуктурган миллиондогон кишинин жыт сезүү сезими кайтп келген жок
Изилдөөчүлөр Ковид - 19ду катуу өткөрүү менен даам жана жыттын жоголушу ортосундагы байланышты табышты.
Ковид - 19 жуктурган 20 миллиондон ашык америкалык жыт жана даам сезүү сезимин жоготту.
Healthday гезитинин кабарына караганда, The Laringoscope журналында жарыяланган изилдөөнүн алкагында болжол менен 29 миң 700 киши сурамжылоого алынды.
Изилдөөчүлөр Ковид - 19ду катуу өткөрүү менен даам жана жыттын жоголушу ортосундагы байланышты табышты.
Ковид-19 менен ооруган 20 миллиондон ашык америкалыктын жыт жана даам сезүү сезимин жоготкону, кеминде 25 пайызы бул сезимдерди калыбына келтире албаганы айтылды.
Улуттук саламаттыкты сактоо сурамжылоосунун 2021-жылдагы маалыматтарын колдонгон изилдөөчүлөр Ковид - 19 ду өткөргөн катышуучулардын 60 пайызга жакынынын жыт жана 58 пайызга жакынынын даам татуу сезимдерин жоготкондугун аныктады.
Бул катышуучулардын 24 пайызы жарым-жартылай гана жакшыргандыгын көрсөтүшкөн, ал эми 3 пайыздан көбүнүн жыт сезүүсүнүн эч кандай жакшырбаганы аныкталган.
Даам сезүү сезимин жоготкондордун 20 пайызынын даам сезүү сезимин жарым-жартылай калыбына келтирип, 2 пайыздан ашыгы дагы эле даам сезе албаганы белгиленди.