Ак үй : "Байдендин саламаттыгы жакшы"

Тишин дарылаткандыгына байланыштуу бүгүн бардык программаларын токтоткон АКШнын президенти Жо Байдендин ден соолугунун жакшы экендиги билдирилди.

1998885
Ак үй : "Байдендин саламаттыгы жакшы"

Тишин дарылаткандыгына байланыштуу бүгүн бардык программаларын токтоткон АКШнын президенти Жо Байдендин ден соолугунун жакшы экендиги билдирилди.

Ак үйдүн катчысы Карине Жан-Пьер күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Байдендин кечинде башталган тиш оорусунан улам локалдык наркоз менен канал дарылоосу болгонун белгилеген Пьер, президенттин операциясынын ийгиликтүү өткөндүгүн билдирди.

Басма сөз катчы Байдендин бүгүн резиденциясында иштей турганын белгиледи.

Байдендин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен пландаштырылган жолугушуусу жана башка графиктер тишин дарылатып жаткандыктан кийинкиге жылдырылды.



Тектеш кабарлар