Трамп тууралуу "жашыруун документтер" боюнча сот иши башталды

Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарга караганда аты-жөнүн ачыкка чыгарбаган  прокуратуранын эки кызматкери Трамптын 7 башка кылмыш боюнча карала турган сот ишинин адвокаттарына жөнөтүлгөнүн билдиришти.

1997668
Трамп тууралуу "жашыруун документтер" боюнча  сот иши башталды

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Флоридадагы сарайынан чыккан «жашыруун документтер» боюнча иликтөөнүн алкагында сот ишинин башталгандыгы жарыяланды.

Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарга караганда аты-жөнүн ачыкка чыгарбаган  прокуратуранын эки кызматкери Трамптын 7 башка кылмыш боюнча карала турган сот ишинин адвокаттарына жөнөтүлгөнүн билдиришти.

Жетекчилер кечээ прокуратуранын Трамптын адвокататры менен байланышып сот ишинин мазмуну тууралуу маалымат бергендигин билдиришти. 

АКШнын Адилеттик  министрлиги сөз болгон бул  иш боюнча расмий билдирүү жасабастан,  бул тууралуу кабарга байланыштуу суроолорду да жоопсуз калтырды.

Трамптын адвокаты Жеймс Трасти да кечээ кечинде  катышкан телекөрсөтүү каналында  Трампка коюлган айыптар боюнча маалымат берди.Трастинин айтымында, Трамп "АКШнын улуттук коргонуу маалыматын атайылап жашырганы, ал маалыматтарга  жетүүгө тоскоол болуу, жалган көрсөтмө бергени жана кутум уюштурганы" үчүн жоопко тартылат.

 



Тектеш кабарлар