Афганистанда болгон кол салууну ДЕАШ моюнга алды

Террордук уюм соцтармактан берген билдирүүсүндө кечээ эрте менен жасалган кол салуунун жоопкерчилигин моюнга алды.

1996562
Афганистанда болгон кол салууну ДЕАШ моюнга алды

Афганистандын Бадахшан аймагында Талибан дайындаган губернатордун орун басары Мевлеви Нисар Ахмед Ахмединин өлүмү менен жыйынтыкталган кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ моюнга алды.

Террордук уюм соцтармактан берген билдирүүсүндө кечээ эрте менен жасалган кол салуунун жоопкерчилигин моюнга алды.

Бадахшан амагынын  Фейзабад районунун Махкеме аянтында Бадахшан губернаторунун орун басары Нисар Ахмед Ахмеди жан кечтилик кол салууда бутага алынып, каза болду.  

9 -  мартта да Афганистандын Белх аймагынын губернаторлук имаратында жоопкерчилигин дагы ДЕАШмоюнга  алган бомбалуу кол салууда Талибан убактылуу өкмөтүнүн губернатору Мухаммед Давуд Муземмил каза болгон.

2021 -  жылы август айында Талибандын бийликке келишинен кийин ДЕАШ Талибан мүчөлөрү менен жарандарга карата кол салууларын күчөттү.

 



Тектеш кабарлар