Швециядагы ПКК/ЙПГнын жактоочуларынын акциясы

Швецияда 1-июндан тарта күчүнө кирген жаңы террор мыйзамынын жокко чыгарылышын талап кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын жактоочулары борбор шаар Стокгольмдун Норра Банторгет аянтында чогулду.

1995543
Швециядагы ПКК/ЙПГнын жактоочуларынын акциясы

Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын жактоочулары президент Режеп Таййип Эрдоганды жана Швециянын  НАТОго мүчөлүгүн бутага алган демонстрация өткөрүштү.

Швецияда 1-июндан тарта күчүнө кирген жаңы террор мыйзамынын жокко чыгарылышын талап кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын жактоочулары борбор шаар Стокгольмдун Норра Банторгет аянтында чогулду.

Мыйзам президент Эрдоганга таандык экенин жана Швеция парламенти Эрдоганга моюн сунганын айтып чыккан терроризмди колдогондор Швеция өкмөтүн отставкага кетүүгө чакырышты.

Террордук уюм ПКК/ЙПГнын символу болгон чүпөрөктөрдү жана корбашчысы Абдуллах Өжаландын афишасын көтөргөн террордук уюмдун жактоочулары сааттар бою президент Эрдоганга каршы ураандарды чакырып жатышты.

Полициянын коштоосунда 3,5 сааттык демонстрацияга чыккан жикчил террордук уюмдун жактоочулары Швеция парламентинин алдына чейин жүрүшкө чыгышты.

1000ге жакын киши катышкан акцияда полиция террор колдоочуларынын жүрүшүнө тоскоол болбоо үчүн жөө жүрүш багытындагы жолдорду кыска мөөнөткө транспортко жапты.



Тектеш кабарлар