Гаитидеги сел: 15 адам каза болду
Гаитинин Жарандык коргоо агенттигинин маалыматына караганда, селдин айынан 13 миң 400дөй киши үйлөрүнөн эвакуацияланды.
Гаитиде нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана жер көчкүлөрдөн алгачкы аныктоолор боюнча 15 киши каза таап, 8 киши дайынсыз жоголду.
Гаитинин Жарандык коргоо агенттигинин маалыматына караганда, селдин айынан 13 миң 400дөй киши үйлөрүнөн эвакуацияланды.
Катуу жааган жамгырдын себебинен жүргөн сел жана жер көчкүдөн 7400дөн ашуун үй жабыркаса, алгачкы аныктоолор боюнча 15 киши каза болуп, 8 киши дайынсыз жоголду.
Гаитинин премьер-министри Ариэль Генри билдирүү жасап, өкмөттүн селден жабыркагандарга жардам берүү үчүн жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен биргелеше иштеп жатканын кабарлады.
2016-жылы Гаитиде болгон "Мэтью" бороонунан 800дөн ашуун адам каза тапкан.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.