АКШда дайынсыз жоголгон балдардын саны өсүүдө
Ньюбург-Хайтс полициясынын башчысы Жон Мэйжо 2-16-май күндөрүнүн аралыгында шаарда кеминде 27 бала дайынсыз жоголгонун билдирди.
АКШнын Кливленд шаарында май айынын алгачкы эки жумасында 30га жакын бала дайынсыз жоголгондугу кабарланган.
Ньюбург-Хайтс полициясынын башчысы Жон Мэйжо 2-16-май күндөрүнүн аралыгында шаарда кеминде 27 бала дайынсыз жоголгонун билдирди.
Кливленддин Дайынсыздар Уюмунун Башкаруу кеңешинин төрагасы болуп иштеген полиция башчысы балдардын жоголушу 2023-жылы «болуп көрбөгөндөй деңгээлге» жеткенин билдирди.
Кырдаалдын тынчсыздандырганын баса белгилеген Мажой:«Анткени биз бул балдардын айрымдарынын тагдыры эмне болгонун билбейбиз, алар адам сатуунун курмандыгы болгонбу же кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө же баңги затын сатууга катышканбы?», - деди.
Кливлендде жана Огайо штатынын түндүгүндөгү башка аймактарда жоголуулардын көбөйүшү менен күрөшүү үчүн АКШнын укук коргоо кызматы «Биз сени табабыз» операциясын баштады.