Японияда "Мавар" тайфунунан бир киши каза болду

2 миллион кишинин убактылуу эвакуацияланары билдирилди.

1994823
Японияда "Мавар" тайфунунан бир киши каза болду

Чыгыш Азияда пайда болгон тропикалык Мавар тайфунунан жабыркаган Японияда бир киши каза болуп, 2 миллион кишинин убактылуу эвакуацияланары билдирилди.

Япониянын метеорологиялык агенттиги өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактары менен борбор шаар Токиону да каптаган тропикалык Мавар тайфунуна каршы эскертүүлөрүн жаңылады.

Тынч океандын жээгиндеги штаттар үчүн дарыя ташкыны жана жер көчкү эскертүүлөрүн кайталаган метеорологиялык агенттиги борбор шаар Токиодо жана айланадагы аймактардан кары - картаңдарды тез арада эвакуациялоого чакырды.

Борборду түштүктөгү мегаполистер менен байланыштырган ылдам поезд линиялары убактылуу токтотулуп,  5 миңден ашуун кишинин сыртта түнөгөнү маалымдалды.

Дарыянын деңгээли көтөрүлгөндөн кийин Айчи провинциясында кээ бир автожолдордун суу каптаганы, провинциянын Тойохаши провинциясында бир кишинин каза болгону жарыяланды.

Гифу, Сидзуока, Айчи жана Мие штаттарында 2 миллионго жакын киши үчүн убактылуу эвакуациялоо чакырыгынын жасалганы, суу ташкынында жоголгон эки кишинин Вакаямада изделип жаткандыгы билдирилди.

 



Тектеш кабарлар