Инфарк мээнин функциясынын бузулушун ылдамдатышы мүмкүн

Жүрөк пристубу кийинки жылдары мээнин функцияларынын нормадан ылдам төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн экендиги аныкталды.

1994706
Инфарк мээнин функциясынын бузулушун ылдамдатышы мүмкүн

 Жүрөк пристубу кийинки жылдары мээнин функцияларынын нормадан ылдам бузулушуна алып келиши мүмкүн экендиги аныкталды.

United Press Internationalдын  (UPI) кабарына караганда, илимпоздор инфаркттын капыстан когнитивдик көйгөйлөргө алып келбей тургандыгы, кийинки жылдарда мээнин функцияларынын нормадан дагы ылдам төмөндөшүнө себеп болоорун аныкташты.

Жүрөк кризисинин мээнин иштешине тийгизген таасирин көрүү үчүн окумуштуулар 50 жыл бою жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү талдап, 1971-2019-жылдары жашы улуу адамдар менен жүргүзүлгөн 6 изилдөөнү изилдеп чыгышты.

Изилдөөнүн жазуулары инфарктан кийин мээнин функцияларындагы мындай төмөндөөнүн  6 – 13  жылдык психикалык картаюуга барабар экендигин белгилешшти.

Джонс Хопкинс университетинин медицина мектебинин неврология боюнча доценти Мишель Йохансен изилдөө "жүрөк пристубусун алдын алуу улгайган адамдардын мээсинин саламаттыгын сактоонун стратегиясы болушу мүмкүн экенин" белгиледи.

Изилдөөнүн жыйынтыктары JAMA Neurologyде жарыяланды.



Тектеш кабарлар