Франциянын президенти Макрон Эрдоганды куттуктады

Энн-Клэр Лежендре министрликтин жумалык маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1994505
Франциянын президенти Макрон Эрдоганды куттуктады

Франциянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Энн-Клэр Лежендре президент Эммануэль Макрондун кайрадан шайланган президент Режеп Таййип Эрдоганга түрк жана француз тилдеринде жазган куттуктоосунда Франция менен Түркиянын ортосундагы карым – катнаштарды жакшыртуу каалоосун билдиргендигин айтты.

Энн-Клэр Лежендре министрликтин жумалык маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Лежендре Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгы жана Түркия менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу карым – катнаштардын келечеги тууралуу суроо боюнча Макрондун Түркиядагы шайлоо тууралуу билдирүү жасап, президент Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн эске салды.

Лежендре Макрондун Франция менен Түркиянын Европага тынчтыктын кайра келиши, Евроатлантикалык альянстын келечеги жана Жер Ортолук деңиздеги кыйынчылыктар сыяктуу бирге жеңе турган терең маселелердин бар экенин айтканын эске салды.

Энн-Клэр Лежендре Макрондун Эрдоганды кайра шайланышы менен куттуктаганын жана Франция-Түркия карым-катнаштарын алдыга жылдырууну каалаганын баса белгилегенин билдирди.

Лежендре Эрдоган менен Макрондун жакын арада жолугушуу боюнча макулдашкандарын айтты.



Тектеш кабарлар