Даниянын премьер - министри ChatGPT чатботунун жардамы менен сөз сүйлөдү
Даниянын премьер - министри Метте Фредериксен жасалма интеллект ChatGPT чатботунун жардамы менен жазылган сөз сүйлөдү.
Даниянын премьер - министри Метте Фредериксен жасалма интеллект ChatGPT чатботунун жардамы менен жазылган сөз сүйлөдү.
Фредериксендин жасалма интеллекттин инновациялык аспектилерин жана тобокелдиктерин баса белгилөө үчүн парламентте сүйлөгөн сөзүнүн жарымы ChatGPT тарабынан даярдалды.
Акыркы убактарда көп талкууланган ChatGPTтин маанилүүлүгүнө көңүл бурган Фредериксен жасалма интеллекттин жасай ала турган нерсесинин кызыктуу жана коркунучтуу экендигин айтты.
Жасалма интеллекттин бир нече секунданын ичинде сөз жаза ала турганын, университет тапшырмасын же отчет даярдай аларын белгилеген Фредериксен : «Жасалма интелект эми келечек эмес, чындык. Жасалма интелект биз түшүнө элек жолдор менен коомубузду өзгөртөт»,- деди.
Тектеш кабарлар
Кытай космоско 4 спутнигин учурду
4 спутник учурулгандан кийин пландалган орбиталык позицияларына жайгашты.