Ирандын чек арачылары менен талиптердин кагылышы: 3 адам каза болду

Ирандын расмий агенттиги ИРНАнын маалыматына ылайык, Чек ара командирлигинен жасалган билдирүүдө чек арадагы кагылышууда 2 ирандык аскер шейит болуп, 2 аскер жараланды.

1991839
Ирандын чек арачылары менен талиптердин кагылышы: 3 адам каза болду

Иран-Ооган чек арасындагы кагылышууда 2 ирандык чек арачы жана Талибан күчтөрүнөн 1 адам каза болду.

Ирандын жарым расмий Fars News агенттигинин аймактагы булактарына таянып кабарлаганына караганда, Ирандын Систан-Белужестан провинциясынын Хирманд районундагы Сасули полиция бекетинин жанында талиптердин чек ара күчтөрү менен ирандык чек арачылардын ортосунда кагылышуу болду.

Ирандын расмий агенттиги ИРНАнын маалыматына ылайык, Чек ара командирлигинен жасалган билдирүүдө чек арадагы кагылышууда 2 ирандык аскер шейит болуп, 2 аскер жараланды.

Кагылышууда талип күчтөрү көп жоготууларга учураганы кабарланды.

Талибан Өкмөтүнүн Коргоо министрлиги ирандык аскерлер Нимроз провинциясынын Канг районунун чек ара аймагында ок чыгарып, эки тарап ортосунда кагылышуу болгонун жарыялады.

Талибандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдулнафи Текур өзүнүн Твиттер баракчасына жасаган билдирүүсүндө кагылыштан эки тараптан бирден адам каза болуп, көп сандаган киши жарадар болгонун билдирди.

Иран менен Талибандын ортосунда акыркы күндөрү Хилменд дарыясындагы сууну бөлүшүү маселеси боюнча чыңалуу келип чыккан.

Талибан башкаруусу аймактагы кургакчылыктан улам Хилменд дарыясындагы Кечеки дамбасында жана Кемал Хан дарыяларында суунун көлөмү азайганын жана бул себептен суунун Иранга жетпегенин жактаса, Иран техникалык делегациянын дамбаларга барышы керектигин жана бул жагдайды ырастоосу керектигин жактаган.

2021-жылы Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин Пакистан менен Ирандын чек ара күчтөрү талиптер менен маал-маалы менен кагылышып келет.



Тектеш кабарлар