Ирандын чек ара коргоочулары менен Талибандын ортосунда кагылышуу чыкты

Кагылышууга байланыштуу Иран жана Талибан жетекчилери азырынча расмий билдирүү жасаша элек.

1991650
Ирандын чек ара коргоочулары менен Талибандын ортосунда кагылышуу чыкты

Ирандын чек ара коргоочулары менен Талибан күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу чыкты. 

Ирандын жарымы расмий  Фарс маалымат агенттигинин  аймактагы булактарына таянып берген кабарына караганда, Ирандын Систан  - Белужистан провинциясынын Хирменд районундагы Сасули пунктуна жакын жерде Талибандын чек ара күчтөрү менен Ирандын чек ара коргоочуларынын ортосунда кагылышуу чыкты.

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсү себеби азырынча белгисиз болгон кагылышуунун акырына чыккандыгын жана эки тараптын чек арадагы аскердик жетекчилердин кагылышуунун себебин карап чыгуу үчүн чогулушкандарын  жарыялады. 

Кагылышууга байланыштуу Иран жана Талибан жетекчилери азырынча расмий билдирүү жасаша элек. 

 



Тектеш кабарлар