Путин - Алиев - Пашинян жолугушуусу

Путин Кремлде оболу Алиев жана Пашинян менен өз- өзүнчө жолугушту.

1991164
Путин  -  Алиев -  Пашинян жолугушуусу

Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян Азербайжан  - Армения келишпестигин сүйлөшүү үчүн Россиянын борбор шаары Москвада жолугушту.

Путин Кремлде оболу Алиев жана Пашинян менен өз- өзүнчө жолугушту.

Бул жолугушуулардан кийин Путин үч лидер чогулган жолугушуунун башында сөз сүйлөдү.

Путин : «Бул жыйын көптөн бери сүйлөшүп келе жаткан айрым темалардын чечилиши үчүн мыкты пролог болот деп ойлойм»,- деди.

Бул форматта өткөрүлгөн жолугушууда көптөгөн ийгиликтерге жетишкендерин белгилеген Путин, 2020-жылы кагылышуулардын аяктаганын, экономикалык жана транспорттук байланыштарды ачуу жана чек араларды аныктоо иштеринин башталганын эске салды.

"Кээ бир кыйынчылыктарга жана маселелерге карабастан, жалпысынан кырдаал чечилүүгө карай бара жатат. Алардын бири - транспорттук байланыштар боюнча иштер. Азырынча чечиле элек маселелер бар, бирок алар техникалык мүнөздө деп ойлойм", - деди Путин.

Россия, Азербайжан жана Армениянын вице-премьерлеринин бул маселелерди талкуулоо жана чечүү үчүн бир жумадан кийин жолугушуусун сунуштаган Путин, келерки аптада боло турган бул жолугушууга Алиев менен Пашиняндын макулдугун алды.

Путин : "Бул чечиле элек маселелердин чечилээрине үмүт берген жакшы келишим", - деди.

Үч тараптуу жолугушуу 20 мүнөткө созулду.

 



Тектеш кабарлар