Сербия АКШ жана Азербайжан менен мамилени жакшыртууну каалайт

Вучич борбор шаар Белградда адегенде америкалык сенаторлор Крис Мерфи менен Гэри Питерсти, андан соң Азербайжандын Улуттук мажлисинин спикери айым Гафарованы кабыл алды.

1990939
Сербия АКШ жана Азербайжан менен мамилени жакшыртууну каалайт

Сербиянын президенти Александр Вучич өлкөсүнүн Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Азербайжан менен мамилесин мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Вучич борбор шаар Белградда адегенде америкалык сенаторлор Крис Мерфи менен Гэри Питерсти, андан соң Азербайжандын Улуттук мажлисинин спикери айым Гафарованы кабыл алды.

Жолугушуулардан кийин социалдык медиа эсебинен билдирүү жасаган Вучич, Косово менен диалогго берген колдоолору үчүн америкалык сенаторлорго ыраазычылык билдирип: «Серб муниципалитеттер биримдигинин түзүлүшүнүн приоритет экенин айттым»,-деди.

АКШ менен карым-катнаштарды мындан ары да өнүктүрүү үчүн эмне кылса болоорун сүйлөшүшкөнүн белгилеген Вучич, өлкөсүнүн бул багытта даяр экенин белгиледи.

Вучич Гафарова менен эки тараптуу карым-катнаштарды талкуулагандарын, экономика жана башка тармактарда пайдалуу боло турган жагдайларга баа бергендерин түшүндүрдү.

Азербайжан менен да карым-катнаштарды жакшыртууну каалагандарына көңүл бурган Вучич мунун эки өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыгында болоорун баса белгиледи.

Сербия 2008-жылы бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Косовону өз аймагы катары эсептейт.

Косоводо көбүнчө сербдер жашаган муниципалитеттерде Серб муниципалитеттеринин биримдигинин түзүлүшү жөнүндөгү келишимге Косово менен Сербиянын ортосунда 2013-жылы Евробиримдиктин ортомчулугу менен кол коюлган, бирок ишке ашырыла алган эмес.

Акыркы жолу 2-майда Брюсселде жолуккан Серб жана Косово лидерлери Серб муниципалитеттеринин биримдиги боюнча мунасага келе албастыгын жарыялашкан.



Тектеш кабарлар