Иран: «Европага газ экспорту Түркия аркылуу болот»

Ирандын улуттук жаратылыш газ компаниясынын (NIGC) башкы директору Мажид Чегени маалымат берди.

1990786
Иран: «Европага газ экспорту Түркия аркылуу болот»

Иран Европага жаратылыш газ экспорттой турган болсо мунун Түркия аркылуу ишке ашарын жарыялады.

Ирандын улуттук жаратылыш газ компаниясынын (NIGC) башкы директору Мажид Чегени, Ирандык Жумушчулар Кабар агенттигине (ILNA) жасаган билдирүүсүндө, өлкөсүнүн жаратылыш газ экспортуна байланыштуу келечекке карата мамилеси жөнүндө маалымат берди.

Чегени: «Эгер жаратылыш газын Европага экспорттой турган болсок, бул Түркия аркылуу ишке ашат»,-деди.

Пакистан, Ооганстан жана Омандын да Ирандын жаратылыш газын каалаганын билдирген Чегени, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде экенин бирок бул өлкөлөрдүн айрымдары менен келишим түзүү үчүн керектүү инфраструктуранын азырынча даяр эмес экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар