Ооганстан менен Ирандын ортосундагы суу бөлүшүү маселеси

Талибан өкмөтүнүн тышкы иштер министринин орун басары жана талиптердин көрүнүктүү ишмерлеринин бири Шир Мохаммад Аббас Станекзай, Иран менен Хилменд дарыясындагы сууну бөлүштүрүү маселеси курчуп баратканын «Ооганстан интернешнл» телеканалында билдирди.

1990409
Ооганстан менен Ирандын ортосундагы суу бөлүшүү маселеси

Талибан ирандык техникалык топторго суунун деңгээлин аныктоо үчүн Ооганстандагы дамбаларды текшерүүгө уруксат бербей турганын жарыялады.

Талибан өкмөтүнүн тышкы иштер министринин орун басары жана талиптердин көрүнүктүү ишмерлеринин бири Шир Мохаммад Аббас Станекзай, Иран менен Хилменд дарыясындагы сууну бөлүштүрүү маселеси акыркы күндөрдө курчуп баратканын «Ооганстан интернешнл» телеканалында билдирди.

Ооганстан менен Ирандын ортосунда 1973-жылы кол коюлган суу бөлүштүрүү келишимине баш ийгендерин белгилеген Станекзай өлкөдө акыркы жылдарда катуу кургакчылык болгонун, бирок суу жетиштүү болсо Ирандын да татыктуу үлүштү ала турганын белгиледи.

Станекзай суу сактагычтардын аскердик зоналар сыяктуу ар бир өлкөнүн улуттук маселелери жана жеке иштери экенин белгилеп, Иран өкмөтүнүн Качеки суу сактагычында текшерүү жүргүзүү үчүн техникалык комиссия жөнөтүү талабын орундатпай турганын билдирди.

Станекзай кургакчылык жана суу тартыштыгынын глобалдык көйгөй экенин, ошондуктан Ирандын бул көйгөйдү чоңойтпоосу керектигин, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

Өткөн аптада Ирандын Ооганстан менен чектеш Систан-Белужестан провинциясына барган Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян, Талибан тараптын суу келишимине баш ийбегенин айтып, катаал сөздөрдү колдонушту.

Талибандын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид Иран бийлигине жооп берип жатып, Ирандын позициясы эки тараптуу мамилелерге зыян келтириши мүмкүн экенин белгилеп, басма сөз аркылуу катуу билдирүүлөр айтылбашы керектигин белгиледи.

Жогоруда айтылган билдирүүлөрдөн кийин Иран Ооганстанга делегация жиберип, сүйлөшүүлөрдө суу жана чек ара маселелери талкууланды.



Тектеш кабарлар