Нарышкин билдирүү жасады

Москва облусунда өткөрүлгөн коопсуздук боюнча эл аралык жыйында сөз сүйлөдү.

1990300
Нарышкин билдирүү жасады

Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын (СВР) башчысы Сергей Нарышкин, АКШнын Сириядагы Танф аскердик базасында Орусияга диверсия жана террордук актыларды ишке ашыруу үчүн ДЕАШ террордук уюмунун согушкерлерин машыктырганын айтты.

Нарышкин Москва облусунда өткөрүлгөн коопсуздук боюнча эл аралык жыйында сүйлөгөн сөзүндө, АКШнын Сириядагы аракеттерине байланыштуу билдирүү жасады.

АКШ жана НАТО өлкөлөрүнүн 2011-жылы Сириядагы террористтерге жана жикчил топторго активдүү колдоо көрсөткөнүн белгилеген Нарышкин: «Биздин маалыматтарга караганда, Сирия, Иордания жана Ирак чек арасында жайгашкан "Танф" америкалык аскерий базасы, Сириянын аймагында гана эмес, азыр Орусиянын аймактарында да диверсия жана террордук актыларды жасоого карата ДЕАШ согушкерлерин машыктыруу үчүн колдонулат»,-деди.



Тектеш кабарлар