Кытайдын изилдөөчү тобу Эвересттин чокусуна чыкты

Цинхай-Тибет платосу илимий изилдөө долбооруна 170 илимпоз катышууда.

1990069
Кытайдын изилдөөчү тобу Эвересттин чокусуна чыкты

Кытайлык изилдөөчүлөрдөн турган альпинисттер тобу Эверест тоосунун чокусуна чыгышты.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, Кытайдын 2017-жылы баштаган Цинхай-Тибет платосу илимий изилдөө долбоорунун алкагында аймакта иштеген 12 кишилик топ кечээ түштөн кийин чокуга жетти.

Бул топ 8830 метр бийиктиктеги метеорологиялык байкоо станциясында техникалык тейлөө жана жабдууларды жаңылоодон кийин кар жана муз үлгүлөрүн алуу үчүн 8848 метр бийиктиктеги чокуга чыкты.

Ал жерден алынган үлгүлөрдө абанын булганышынын кесепеттери иликтенип, өзгөчө жаңы түрдөгү булгоочу заттардын изилдене турганы белгиленди.

Цинхай-Тибет платосу илимий изилдөө долбооруна 170 илимпоз катышууда.

Кытай жана Непал илимпоздорунун 2020-жылдагы биргелешкен изилдөөсүнүн жыйынтыгында дүйнөнүн эң бийик жери болгон Эверест чокусунун бийиктиги 8 миң 848 метр 84 сантиметр деп аныкталган.



Тектеш кабарлар