Чоң жетилик Украинага дипломатиялык жана аскердик колдоо көрсөтүүнү улантат

Жапон өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда, Хиросимадагы G7 саммитинин алкагында Украина отуруму өттү. Сессияга конок лидери, Украинанын президенти Владимир Зеленский да катышты.

1988781
Чоң жетилик Украинага дипломатиялык жана аскердик колдоо көрсөтүүнү улантат

Чоң жетиликтин лидерлери зарылчылыкка жараша Украинага дипломатиялык жана аскердик колдоо көрсөтүүгө убада беришти.

Жапон өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда, Хиросимадагы G7 саммитинин алкагында Украина отуруму өттү. Сессияга конок лидери, Украинанын президенти Владимир Зеленский да катышты.

Украинага зарыл болгон учурда дипломатиялык, каржылык, гуманитардык жана аскердик колдоо көрсөтүүгө милдеттенген Чоң жетиликтин лидерлери да Украинада тынчтыкты калыбына келтирүүгө чечкиндүүлүктөрүн дагы бир жолу кайталашты.

Үй ээси Япониянын премьер-министри Кишида Фумио Зеленскийди Украинада адилеттүү жана туруктуу тынчтык орнотуу үчүн жасаган чын ыкластуу аракеттери үчүн куттуктады.

Ошол эле учурда G7 лидерлери дүйнө ачарчылык коркунучунда турганын жана глобалдык азык-түлүк коопсуздугу кризисине каршы биргелешип аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Тараптарга Кара деңиз дан демилгесинин максималдуу потенциалында үзгүлтүксүз иштешин сактоого чакырык жасалды.



Тектеш кабарлар