G7 лидерлери Россия, Иран, Кытай жана Түндүк Кореяны өзөктүк чыңалууну азайтууга чакырышты

Хиросима шаарында өткөн G7 саммитинин биринчи күнүндө лидерлер " Өзөктүк куралсыздануу боюнча Хиросиманын көз карашы" аттуу билдирүү жасашты.

1988603
G7 лидерлери Россия, Иран, Кытай жана Түндүк Кореяны өзөктүк чыңалууну азайтууга чакырышты

Японияда  жолугушкан G7 лидерлери Россия, Иран, Кытай жана Түндүк Кореяны өзөктүк чыңалууну азайтууга чакырышты.

Хиросима шаарында өткөн G7 саммитинин биринчи күнүндө лидерлер " Өзөктүк куралсыздануу боюнча Хиросиманын көз карашы" аттуу билдирүү жасашты.

Жыйындын 1945-жылы атомдук бомба ташталган Хиросимада өткөнү баса белгиленип, мындай документтин бул жерде жарыяланышынын мааниси белгиленди.

Дүйнөдө 77 жылдан бери өзөктүк курал колдонбоонун маанилүүлүгү баса белгиленген билдирүүдө : «Россиянын өзөктүк  курал көзөмөлдөө режимин жок кылган  курал тууралуу жоопкерчиликсиз  сөздөрү жана Беларуста өзөктүк курал жайгаштыруу ниетин билдириши, коркунучтуу жана кабыл алынгыс»,- деп айтылды.  

Билдирүүдө Россия өзөктүк куралсыздандыруу боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого чакырылып :  «Кансыз согуш аяктагандан кийин глобалдык өзөктүк арсеналдардын жалпы азайышы улантылышы керек  жана бул темада артка чегинүү болбошу керек»,- деп баа берилди.  

Россиянын Жаңы СТАРТ келишимине кайра кайтуусу талап кылынган билдирүүдө : «Өзөктүк куралдар болбогон бир дүйнөгө, өзөктүк куралсыздануу болбостон жетишилбейт»,- деген көз караш бөлүшүлдү.

Билдирүүдө Россия, Иран, Кытай жана Түндүк Кореяны өзөктүк чыңалууну басаңдатууга чакыруу салынып : «Эч бир өлкө өзөктүк курал сыноосун же башка өзөктүк жардырууну жасабашы үчүн чечкиндүүбүз, буга карата ар кандай коркунучту айыптайбыз жана биз өзөктүк куралды сыноолорго толук тыюу салуу келишимине (СТБТ) макулбуз",- деп айтылды.



Тектеш кабарлар